Эл аралык футбол федерациясынын президенттигине талапкерлердин катарында мурунку футболчу Луиш Фигу да бар

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) аталган уюмдун президенттигине талапкер 4 футбол ишмеринин ысымын атады. Алар: португалиялык футболчу Луиш Фигу, азыркы президент Йозефф Блаттер, Иорданиянын принци Али бин аль-Хусейн, Голландиянын Футбол союзунун башчысы Михаэл ван Праг. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, эми Шайлоо комиссиясы талапкерлердин арыздарын текшерип чыгып, андан кийин талапкерлердин ысымдарын расмий түрдө жар салат.

Кошумчалай кетсек, ФИФАнын президентин шайлоо 2015-жылдын май айына туураланган. Азыркы президент Йозефф Блаттер бул кызматта 1998-жылдан тарта иштеп келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
myshka406
2015-02-03 09:47:19
Figuga menden bir dobush.
0
crishti_7
2015-02-03 10:05:21
Али бин Аль-Хусейн деген тууганга менен 1 добуш
0
Uli6886
2015-02-03 10:53:19
Луиш Фигунун оюнун коруп футболго кызыккамын. Алга Фигоооооо
0
NooKeN_KG
2015-02-03 12:30:31
Фигудан башкасын тааныбайт экем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан