Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусунун пара алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган окутуучу айым аталган окуу жайдын бир студентин күндүзгү окуудан сырттан окуу бөлүмүнө которуу жана экинчисин башка окуу жайга которуу үчүн 500 доллар жана 16 миң сом талап кылган. Акчаны алып, бирок убадасын аткарбай, өзүнүн кызматтарына дагы 20 миң сом талап кылган. Окутуучу 20 миң сом акча пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.