Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн айылында 2-февралда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын 4 жараны колго түшүрүлдү. Текшерүү учурунда жарандарда өздүгүн аныктаган документтер болгон эмес. Тийиштүү документтер чогултулуп, Кадамжай РИИБине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 3-февралда Чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.