Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы Б.Эрлан аттуу жаран кайрылган. Анда ал Кубанычбек аттуу таанышы анын ишенимине кирүү менен 85 миң сом алып, ошол бойдон бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы С.Кубанычбек аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда.