Теннис боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын кыздар курама командасы ирандык спортчуларды утушту

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан теннис боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын кыздар курама командасы ирандык спортчуларды утушту. Белгилүү болгондой, кыргыз теннисчиси Арина Беляева 6:1, 6:0 эсебинде Сахар Наджаны утса, Бермет Дуванаева 6:1, 6:4 эсебинде Газале Торкаманды жеңди. Ал эми эки жуп түрүндөгү беттеште Арина Беляева жана Бермет Дуванаева 6:0, 6:7, 6:2 эсебинде Сахар Наджа жана Газале Торкаманды жеңилүүгө аргасыз кылышты. Бүгүн, 8-февралда мелдештин акыркы күнүндө кыргызстандык спортчулар филиппиндик команда менен беттешет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан