Борбор калаада зордуктоого аракет кылган жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы А.Азель аттуу айым кайрылган. Анда ал 1-февраль күнү Тыныстанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен анын чала таанышы аны зордуктоого аракеттенгенин айткан. Учурда зордуктоого аракеттенген жарандын өздүгүн тактоо жана аны издөө иштери жүрүүдө.