Бүгүн, 3-февралда үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январына караган түнү Сокулук районунун Конуш айылында тургундар тарабынан сабалып, каза болгон Нурлан Амановдун жакындары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар бул окуяга тиешелүүлөрдү жоопко тартууну суранышты.
“Нурлан Аманов 20 жыл Орусияда иштеп келген. Кыргызстанга келгенине 9 ай гана болгон. Бул убакыт аралыгында жеке ишкерлик менен алектенип жүрдү. Кишиге эч жамандыгы жок адам эле. Аны айыл тургундарынын баары эмес, 7-8 киши эле сабап өлтүрдү. Мына ошолор татыктуу жазаларын алышсын. “Курманалиев Рустамбекти зордуктады” дегенге мен кошулбайм. Эки тараптуу экспертиза дайындалсын. Эки баласы, аялы бар адам кандай ушундай ишке барсын?”- деди маркумдун карындашы Сагида Аманова.
Ал эми маркумдун апасы Мейизкан Аманова: “Баламдан ажырап ичим күйүп турат. Эч бир энеге мындай нерсени каалабайм. Баламды мындай өлүмгө туш болот деп үч уктасам да оюма келген эмес. Уулум туурасында ар ким ар кандай айтып жатат. Ал өз турмушуна тың адам эле. Бул окуя көрө албастардын колунан келди. Алардын татыктуу жазасын алышын өкмөттөн сурайм. Учурда дагы кимиси келип эмне кылып жиберет деп коркуп калдык”,- деди.
Ошондой эле жубайы Гүлнара Шаршенова: “Күйөөмдүн өлүмүнө катыштыгы барлар: Шаршенов Темирлан, Айбашев Рысбек, Абдылдаев Кубат, Курманалиев Рустамбек, Мачинов Марат, Дыйканбаев Ринат, Абдылдаев Улан. Аларды Сокулук райондук сотунун судьясы Нурлан Мусаев үй камагына чыгарып жиберген. Адам өлтүрүү фактысы катталып жатса дагы, “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон”,- деп кошумчалады.
Айта кетсек, буга чейин "Нурлан Аманов тарабынан зордукталды" делген Рустамбек Курманалиевдин жакындары жана айыл тургандары маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Анда Курманалиевдин жубайы Венера Сыдыгалиева “Нурлан күйөөмдүн башын дубалга уруп, эсин жоготкондон кийин эки колун артка кайрып, зордуктаптыр” деген.
Ал эми айыл аксакалы Аспек Молдокулов: “Буга чейин күч органдарына Амановдун үстүнөн 18 жолу арыз түшкөн экен. Бирок Райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан эч кандай чара колдонулган эмес. Мунун кесепетинен ушундай окуя болуп отурат”,- деген эле.