Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн, 3-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалиловго козголгон кылмыш иши боюнча сот кайрадан башталат. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда аталган соттун канцеляриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чубак ажы Жалиловго карата кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан 2012-жылдын октябрь айында козголгон. Экс-муфтий "Дин башкармалыгын башкарып жүргөндө ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөбөй, жашырып койгон" деп айыпталган.