Бишкек шаарында "таанышынын үйүнөн 280 миң сом акча уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы А.Айгерим аттуу айым кайрылган. Анда ал анын үйүнө конокко келген Марат аттуу таанышы 280 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.