7-февралда Орусиянын Москва шаарында өтүп жаткан "Moscow Open-2013" аттуу шахмат боюнча Эл аралык фестивалдын 6-турундагы 3 оюнда кыргызстандык шахматчылар жеңүүчү аталышты. Белгилүү болгондой, шахматчы Семетей Тологонтегин орусиялык спортчуну жеңип, 150-орундан 124-орунга көтөрүлдү. Ал эми Келсинбек Исакжанов менен Василий Саклетин, Тагир Таалайбеков менен Владимир Сафронов беттешип, кыргыз шахматчылары жеңишке жетишишкен. Айта кетсек, Исакжанов учурда 145-орунда болсо, Таалайбеков 191-орунда келе жатат.