Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы Японияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстанын 15 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы Японияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, мелдеш 23-30-март аралыгында өтөт.

Анда жалпысынан Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Япония, Кыргызстан жана жергиликтүү 3 клуб өз ара биринчиликти талашышат. Мелдештин жобосуна ылайык, анда 9 команда 2 тайпага бөлүнүп оюн өткөрүшөт. Учурда Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасын Самат Сүймалиев машыктырып келет. Курамада учурда машыгып жаткан 34 футболчунун 17си Японияга жөнөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, бул мелдеш 16 жашка чейинки футболчулар арасында үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Азия биринчилигине даярдыктардын бири болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан