Бокс сүйүүчүлөрүнүн эл аралык ассоциациясы (AIBA) кыргызстандык мушкер, “Украинские атаманы” клубунун мүчөсү Азат Усеналиевди "Январь айынын мыкты мушкери" деп тапты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, “Айдын мыкты мушкери” долбоорунун алкагында 2015-жылы мыкты болуп алгач Азат Усеналиев табылды. Бул наамды Азатка Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында уэльстик Эндрю Селбинин үстүнөн болгон жеңиш алып келди.
Азат Усеналиев атактуу Эндрю Селби менен 23-январда Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларында кез келип, 4-раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.