Бишкекте окуучулар арасында волейбол боюнча мелдештер өтөт

Бишкектеги Октябрь районунда волейбол боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Бул тууралуу 3-февралда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш райондун мектептеринин окуучуларынын арасында "Спартакиада-2014-2015" алкагында өткөрүлөт. Волейбол боюнча мелдешке балдар арасында 12 команда, ал эми кыздар арасында 8 команда катышат.

Аталган спорттук иш-чара ден соолукту чыңдоо, жаштар арасында дене тарбия жана спортко үгүттөө максатында өткөрүлүүдө. Мелдеш эки жумага уланат. 1-3-орундарга ээ болгон командалар райондук администрация тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан