Бүгүн, 4-февралда борбор калаада тогуз коргоол боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдеште уландар арасында 40, кыз-келиндер арасында 36 катышуучу болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеште жекеликте алдынкы 2 орунду ээлеген улан-кыздар шаардын курама командасына киришти. Алар 25-февралдан 8-мартка чейин өтүүчү өлкө биринчилигинде Бишкектин намысын талашышат.
Командалык эсепте уландар арасында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасы биринчиликти ээледи. Ал эми кыз-келиндер арасында командалык эсепте Ж.Баласагын атындагы КУУнун командасы жеңишке жетишти. Жекеликте уландар арасында биринчиликти Анарбек Жамакеев, кыз-келиндер арасында Максатбек кызы Айтурган багындырды.