Кышкы трансфер аяктады: "Челси" Дүйнө чемпионун кетирип, курамына Хуан Куадрадону кошуп алды

Бир ай убакыт өтүп, трансфердик рынок жабылды. Бул жолу Англия Премьер-лигасында 1-орунду ээлеп келаткан “Челси” футболдук клубу башкалардан айырмаланып, курамдагы белгилүү футболчу Андре Шюррле менен коштошту. Анын орду колумбиялык Хуан Куадрадо менен толукталды. Төмөндө январь айынын экинчи жарымында орун алган маанилүү трансферлерге токтолдук.

ТАРЫХТАГЫ АЛГАЧКЫ ТРАНСФЕР 400 ФУНТ БОЛСО, ЭҢ КЫМБАТ ТРАНСФЕР 94 МИЛЛИОН ЕВРО

* Футболдогу трансферлерге жыл башында 1 ай жана жай мезгилинде 3 ай толук уруксат берилет. Көбүнчө Европада жайкы трансфер 20-майдан сентябрга чейин созулса, кышкы трансферлерге 1-январдан 31-январга чейин убакыт берилет. Бул убакыт ичинде футболдук клубдар жаңы оюнчулар менен келишимдерди түзүп, оюнчуларды сатуу жана сатып алуу укугуна ээ болушат. Ошондой эле эки тарап маяна, акчалай сыйлыктар жана түрдүү кызыкчылыктар тууралуу сүйлөшүүлөрдү ушул мезгил ичинде талкуулашат. Дээрлик бардык учурда футболчулардын келишими боюнча иштерди агенттиктер же эркин агенттер колго алып, футболчуга кызыккан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Футболчунун баасы анын көргөзгөн жыйынтыгына, талантына жана келечегине карап аныкталат. Клуб муктаж болбогон айрым футболчуларга эркин агент катары башка клубга кетүү укугун берет.

Тарыхка үңүлсөк, трансфердин мекени Англия болуп эсептелет. 1893-жылы Жек Саутворф аттуу футболчу “Блэкберн Роверс” клубунан “Эвертонго” өткөн. “Эвертон” бул футболчу үчүн 600 доллар (тагыраагы 400 фунт) төлөп берген. Анда стадиондорго күйөрмандар толуп, билеттин баары сатылганда клубга 300-400 фунт киреше алып келчү. Ал эми ушул убакытка чейин катталган эң кымбат трансфер катары Криштиану Роналдунун катышуусундагы трансферди атап жүрүшөт. Португалиялык футболчунун "Манчестер Юнайтедден" мадриддик "Реалга" өткөнү үчүн мадриддиктер 94 миллион евро сарпташкан. Ошондой эле Луис Суарестин "Барселонанын" катарын толуктаганы жана Гарет Бейлдин "Реалга" кошулганы үчүн да 90 миллион евронун тегерегиндеги каражат сарпталган.

БЫЙЫЛ КЫШТА ОРУН АЛГАН МААНИЛҮҮ ТРАНСФЕРЛЕР

* 26 жаштагы колумбиялык жарым коргоочу Хуан Куадрадо италиялык “Фиорентинадан” англиялык “Челсинин” курамына өттү. Бул үчүн англиялык клуб 35 миллион евро төлөп берди. Ошол эле учурда “Челси” германиялык Андре Шюррлени “Вольфсбург” клубуна сатты. Трансфердин баасы 30 миллион еврону түздү. Ошондой эле клуб алмаштырган атактуулардын катарында төмөнкү футболчулар бар:

Даме Н’Дойе. Орусиялык “Локомотивден” англиялык “Халлдын” курамына кошулду. Трансфердин баасы 3 миллион фунт.

Алессандро Матри. 30 жаштагы футболчу Италиянын “Женоа” клубунан “Ювентуска” ижарага келди.

Даррен Флетчер. 31 жаштагы футболчу англиялык “Манчестер Юнайтед” менен коштошуп, “Вест Бромвич” клубуна бекер келди.

Аарон Леннон. Таланттуу футболчу Англиянын “Тоттенхэм” клубунан “Эвертонго” ижара иретинде келип кошулду.

Сейду Думбия. Африкалык белгилүү футболчу, ЦСКАнын курамында Орусияда мыкты оюн көрсөтүп келген Думбия италиялык “Рома” менен келишим түздү. Футболчу үчүн орусиялык клуб 15 миллион еврого жакын каражат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Real_Madrid95
2015-02-04 20:04:25
Бейл 91миллионго сатып алынган.Суарес 80 миллиондон ашат.
0
Akman95
2015-02-04 22:38:42
а.а месст канчага алынган
0
messidinho
2015-02-05 03:56:14
Akman95, Месси Барселона клубунун мектебинде тарбияланган. Профессионалдык карьерасы боюнча бир эле Барсада ойноп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан