11-15-февраль күндөрү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаштар арасында бокс боюнча Республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу КРнын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди. Белгилүү болгондой, мелдешке 18-19 жаштагы 130дай спортчу катышат.