Экватордук Гвинеяда өтүп жаткан Африканын футбол боюнча чемпиондугу уланууда. 4-февраль түнү Кот-д'Ивуар курама командасы Конгону 3:1 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, жеңиш ээлеринин курамында Яя Туре, Жервиньо жана Серж Канон сыяктуу футболчулар айырмаланышты. Ал эми утулган тараптын жалгыз голун Дьемерси Мбокани пенальтиден киргизди.
Кошумчалай кетсек, экинчи жарым финалда бүгүн, 5-февралда Экватордук Гвинея менен Гана курамалары беттешет. Жеңип чыккан команда Кот-д'Ивуар менен финалда кез келет. Финал 8-февралга белгиленсе, 3-орун үчүн таймаш 7-февралда өтмөкчү.