Кыргызстандын 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курама командасы 2016-жылы өтө турган Азия биринчилигинин тандап алуу туруна катышуу алдында турат. Ташталган чүчү кулактын жыйынтыгында кыргызстандыктар “В” тайпасынан орун алышты. Бул тайпада Иордания, Кувейт, Пакистан жана Түркмөнстан курамалары бар. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Маалыматка ылайык, бул тайпадагы оюндар Пакистанда өтөт жана 23-мартта старт алат.
Кошумчалай кетсек, тандоо туруна Азиянын 43 мамлекетинин олимпиадалык курамалары катышууда. 10 тайпага бөлүнгөн командалар өз ара оюн өткөрүп, упай топтошот. Жыйынтыгында Катарда өтө турган Азия чемпиондугунун финалдык баскычына 10 тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген 5 команда чыгат.
“В” тайпасында орун ала турган оюндар:
23-март. 1-тур
Кыргызстан - Кувейт
Түркмөнстан - Пакистан
25-март. 2 тур
Пакистан - Иордания
Түркмөнстан - Кыргызстан
27-март. 3-тур
Кувейт - Пакистан
Иордания – Түркмөнстан
29-март. 4-тур
Кувейт - Түркмөнстан
Кыргызстан - Иордания
31-март. 5-тур
Пакистан - Кыргызстан
Иордания - Кувейт