Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

6-7-февраль күндөрү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 8 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталмакчы (57 килограмм салмакта, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг, 125 килограммга чейинки). Бул мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан "Спорт чеберине" талапкерлер жана "Спорт чебери" наамынын нормативин толтурган спортчулар катыша алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан