Чүй облусунун тургуну таап алган ок атуучу куралын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда аталган облустун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук айылынын 48 жаштагы И.М. аттуу тургуну Төрт-Көл айылына жакын жерден ИЖ-18 мылтыгын огу менен таап алган. Кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан коркуп, милицияга тапшырган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, эгер кимде-ким өз ыктыяры менен мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал же ок-дары, жардыруучу заттарды милицияга тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.