Орусиядагы Башкортостан Республикасында 2015-жылдын 5-февралында саат 01:05теги жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн жерге берүү же Кыргызстанга
жөнөтүү жана тактоо иштерин уюштуруу жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн Оренбург шаарындагы Кыргыз
Республикасынын ардактуу консулу Жандарбек уулу Таалай, Самара
шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Акыл Козуев, Уфа шаарындагы
кыргыз диаспорасынын жетекчисинин жардамчысы Кошунбек Койчиев Башкортостандын Октябрьский шаарына бара жатышат.
Эске салсак, жол кырсыгынан Акым Маминов, Бахретдин Шарипов, Шерали Нажимутдинов, Көчкөнбай уулу Исломбек, Исламбек Кусумбаевдин каза болгону белгилүү.