Орусияда кыргызстандык кызды уурдап, акча талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында кыргызстандык кызды белгисиз адамдар уурдап, 300 миң рубль акча талап кылышкан. Күч органдары бул боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Орусиянын жараны жана Кыргызстандын үч жараны кармалган. Учурда уурдалган кыз бошотулуп, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүдө.