Бишкекте ара төрөлгөн эки ымыркайдын өлүмү боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы эмки аптада чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди.
"Пакеттин ичине салынган бир ымыркай эркек бала экен, ал эми экинчи ымыркайдын жынысын аныктай алган жокпуз. Эки ымыркайдын тең киндиктери кесилген. Алар канча убакыт сыртта жатып калганын жана эмне себептен өлгөнүн экспертиза аныктайт",- деди О.Казабаев.
Эске салсак, эки ымыркайдын жансыз денелери 5-февралда Улуттук госпиталга жакын жерден табылган. Алдын ала маалымат боюнча, ымыркайлар 5-6 айлык болуп төрөлүшкөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.