Экватордук Гвинеяда өтүп жаткан Африканын футбол боюнча чемпиондугунун экинчи финалчысы аныкталды. Жарым финалда үй ээси Экватордук Гвинеяны 3:0 эсебинде утуу менен финалдык жолдомону Гана курамасы илип кетти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, ганалыктардын курамынан Андре Айю 2 ирет айырмаланса, дагы бир голду Вакасо Мубарак киргизе алды.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Кот-д'Ивуар курамасы жарым финалда Конгону утуп, финалга чыккан.
7-февраль. 3-орун
үчүн болгон оюн
Конго ДР –
Экватордук Гвинея
8-февраль. Финал
Кот-д'Ивуар - Гана