Борбордо аялдамада турган 2 адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө

Борбор калаада аялдамада турган 2 адамды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя 5-февралда саат 18:00 чамасында болгон. Өмүракунов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаа менен Вольво үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан улам Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаа аялдамада турган 2 адамды жана короону сүзүп, окуя болгон жерден унаасы менен качып кеткен. Натыйжада аялдамада турган 2 жаран оор жаракаттарды алып, ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда айдоочуну издөө иштери улантылууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан