Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектелген селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү Будённый көчөсүнөн киши колдуу болгон 29 жаштагы Нарын облусунан келген селсаяктын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү катары 27 жаштагы селсаяк кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.