Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 08:44 чамасында катталган. Анын очогу Ош шаарынан түштүктү карай 73 чакырым аралыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, зилзаладан кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.