Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу старт алды

Бүгүн, 6-февралда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды. 2 күнгө созула турган биринчиликтин алгачкы күнүндө 4 салмакта (57 килограмм, 65 кг, 74 кг, 97 кг) чемпиондор аныкталмакчы. Ал эми мелдештин экинчи күнүндө 61, 70, 86 жана 125 килограммга чейинки бөлүктө жеңүүчүлөр аныкталат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан "Спорт чеберине" талапкерлер жана "Спорт чебери" наамынын нормативин толтурган спортчулар катышууда. 

Уюштуруучулар белгилегендей, мелдеш улуттук курама команданын курамын бекитүү, аталган спорт түрүн жайылтуу, балбандардын чеберчилигин жогорулатуу жана сергек жашоого үндөө максатында уюшулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан