Бишкекте “азык-түлүк дүкөнүн тоношкон” деп шектелип жаш балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, күч органдарына 47 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар азык-түлүк саткан дүкөнүнө уурулукка киришкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Ш.Мерседес, 15 жаштагы Б.Николай, 16 жаштагы К.Роман, 17 жаштагы Б.Евгений жана Ч.Сергей кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.