“Дордой” футболдук клубу АФКнын Кубогунун тандоо туруна жөнөө алдында турат

Эртең, 7-февралда “Дордой” футболдук клубу Түркмөнстанга АФКнын Кубогунун тандоо турунда алгачкы оюнун өткөрүү үчүн жөнөп кетет. “Дордойчулар” 9-февралда Ашхабад шаарында жергиликтүү “Ахал” клубу менен кез келет. Бул оюнда бишкектиктер жеңишке жетише турган болсо, 17-февралда кезектеги тандоо туру күтүп турат. Анда биздикилердин атаандашы “Фанжа” (Оман) клубу болмокчу.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, башкы машыктыруучу Завиша Милосавлевич курамга 21 футболчуну алды. Курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Владислав Волков, Максим Агапов, Руслан Жаныбеков.

Коргоочулар: Талант Самсалиев, Курсан Шератов, Адыл Бекболотов, Азамат Байматов, Даврон Аскаров, Дениэл Тего, Шерзот Шакиров.

Жарым коргоочулар: Ислам Шамшиев, Марат Ажиниязов, Вадим Харченко, Жанкарло Превиато (Бразилия), Адыл Мохаммад (Пакистан), Кайрат Жыргалбек уулу, Перица Станчески (Сербия), Авазбек Откеев.

Чабуулчулар: Калимулла (Пакистан), Алмазбек Мирзалиев, Дэвид Тетте.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zarbaliktik
2015-02-06 18:19:15
Супер инфо онлайн трансляция болобу? Билип бериниздерчи
0
admin_portal
2015-02-06 18:24:17
zarbaliktik, Саламатсызбы!
Ал боюнча азыр так маалыматыбыз жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан