Казакстандан баңгизат менен кармалган кыргызстандык жаран 16 жылга эркинен ажыратылды

Казакстандан баңгизат менен кармалган кыргызстандык жаран 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, сот жобуна тартылган кыргызстандык жаран жалпы салмагы 5 килограммдан ашуун баңгизатты (гашиш) Оштон алган. Аны Казакстан аркылуу Орусияга сатыкка алып баратканы аныкталган.  

"Алынган баңгизат унаанын арткы бөлүгүнө катылган. Кармалган жаран баңгизатты Оштон баштап Чүй облусунун "Ак-Жол" бажы постунан жана Казакстандагы бир нече өткөрүүчү пункттардан алып өткөн. Акыры ал Костанай облустук чек ара кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн" деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
milan_92
2015-02-06 15:38:09
eki poston otson orusiyaga kirip kelmek ekensin tagdyryna tarynba
0
Ern
2015-02-06 15:41:14
Ошондо, Казакстанда абакта отурабы эми?
0
paren
2015-02-06 16:23:06
Орусиядан ото албайтко ойлонуш кернек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан