Борбордогу мектептердин биринен табылган жардыруучу зат минанын муляжы болуп чыкты

Борбор калаадагы №58-мектептин жанынан табылган жардыруучу зат минанын муляжы болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен милицияга борбордогу мектептердин биринен жардыруучу затка окшош нерсе табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган мектепке барган милиция кызматкерлери минага окшош нерсени кароолчу таап алгандыгын аныкташкан. 

"Аталган мектептин окуучулары жана кызматкерлери имараттан сыртка чыгарылышкан. Ал жерге УКМКнын сапёрдук тобу жана эксперттер чакырылып, иликтөөдөн кийин табылган нерсе муляж экендиги аныкталды. Териштирүү иштеринин натыйжасында муляжды окуучулар кампадагы керексиз буюмдардын ичинен таап алышканын жана аны башка орунга алып барып коюшканын айтышкан. Бул муляж окууларда пайдаланылбагандыктан  ал атайын кызматтардын жана ички иштер органдарынын чечими менен райондук аскер бөлүгүнө берилди",- деди Б.Сейитов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-02-06 18:37:01
Мектепке каяктан келди? же союз учурунда колдонулганбы мектепте ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан