Кытайдын Гуандун провинциясындагы кийим-кечелерди дүңүнөн сатуучу базардан өрт чыгып, 17 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 5-февралда болгон. Учурда бул кырсыктын кесепетинен жабыркагандардын саны такталууда. Өрттү өчүрүүгө 270 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, өрт толугу менен 6 сааттан кийин гана өчүрүлгөн. Тилекке каршы, аталган базар толугу менен күйүп кетти. Базар имараттын 4-кабатында жайгашкандыктан, ал жактагы адамдардын көпчүлүгү чыга албай калган. Өрттөн 5 адам куткарылган. Ошондой эле 4 куткаруучу ар түрдүү жаракаттарды алып, алардын биринин абалы оор экени айтылууда. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.