Нурбек Аканов, Кылычбек Саркарбаев сыяктуу чыгаан кыргыз спортчулары Ошто студенттер менен жолугушту

Алыш күрөшү боюнча бир катар беделдүү мелдештердин жеңүүчүсү Нурбек Аканов, эрежесиз эр уруш боюнча беттештеринен улам атактуу болгон Кылычбек Саркарбаев баштаган чыгаан кыргыз спортчулары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери менен жолугушту.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууга самбо боюнча Азия чемпиону Максат Мусабаев, “Мухаммед Умар” спорттук клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков, самбо боюнча Дүйнө чемпиону Жаныбек Аматовдор да келишти. Студенттерге шык берүү жана алардын спортко көз карашын өзгөртүүнү максат кылган жолугушууда студенттер кызыктуу суроолорду берип, өз кезегинде жооп алып жатышты.

Жолугушуу таланттуу студенттер даярдаган концерттик программа менен аяктады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
warsaw.
2015-02-06 17:43:53
ошондо борадатый Кылычбы э ?
0
Oolokon
2015-02-06 23:12:41
"Мухаммед-Умардын" жигиттери азамат!!! Кылычка сакал жакшы жарашыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан