Орусияда “кыргыз кызын уурдап, акча талап кылган” деп шектелип дагы 5 кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында кыргызстандык кызды белгисиз адамдар уурдап, 300 миң рубль акча талап кылышкан. Орусиянын күч органдары тарабынан бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Орусиянын жараны жана Кыргызстандын 3 жараны кармалган. Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул фактыга шектүү катары дагы 5 кыргыз жараны кармалганын билдирди.
Кылмышка шектүүлөр: 29 жаштагы Б.Г. (Орусиянын жараны) жана Кыргызстандын жараны, 25 жаштагы С.Н., 36 жаштагы М.К., 30 жаштагы С.Н., 34 жаштагы М.Б., 32 жаштагы К.Т., 26 жаштагы М.З., 30 жаштагы С.Ш., 29 жаштагы К.Ж.