Ошто мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2008-жылы Ош шаарындагы Ак-Буура суусунун жээгинен С.С. аттуу жаранга 10 жылдык мөөнөт менен 2500 чарчы метр жер тилкеси берилген. Бирок ал жаран өзүм билемдик кылып суу фондунун карамагындагы тилкеге конок үйүн жана бассейн курган. Бул мыйзамсыз курулуш боюнча шаардык прокуратура Ош облустук райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылган. Ал эми сот “жер тилкеси мыйзамсыз берилген” деген чечим чыгарган.
Учурда С.С. аттуу жаранга “өзүм билемдик” жана Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерине “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, жер тилкесин мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө.