АФКнын Кубогунун тандоо туруна катыша турган "Дордой" Ашхабадда алгачкы машыгуусун өткөрдү

Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна (кыскача АФКнын Кубогу) арналган мелдештин тандоо туру башталуу алдында турат. Кыргызстандын биринчилиги ТОП-Лиганын акыркы сезонунун чемпиону катары тандоо туруна бишкектик "Дордой" клубу катышуу укугун алган. "Дордойчулардын" атаандашы түркмөнстандык "Ахал" клубу болмокчу. Беттеш 9-февраль күнү орун алат.

Клубдун басма сөз кызматы кабарлагандай, Түркиядагы машыгуу сборунан кийин Түркмөнстанга жөнөп кеткен "Дордойдун" оюнчулары Ашхабад шаарында алгачкы машыгуудан өтүштү.

Кошумчалай кетсек, башкы машыктыруучу Завиша Милосавлевич курамга төмөнкү 21 футболчуну алган:

Дарбазачылар: Владислав Волков, Максим Агапов, Руслан Жаныбеков.

Коргоочулар: Талант Самсалиев, Курсан Шератов, Адыл Бекболотов, Азамат Байматов, Даврон Аскаров, Дениэл Тего, Шерзот Шакиров.

Жарым коргоочулар: Ислам Шамшиев, Марат Ажиниязов, Вадим Харченко, Жанкарло Превиато (Бразилия), Адыл Мохаммад (Пакистан), Кайрат Жыргалбек уулу, Перица Станчески (Сербия), Авазбек Откеев.

Чабуулчулар: Калимулла (Пакистан), Алмазбек Мирзалиев, Дэвид Тетте.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан