Бишкектеги кафелердин биринде мас болуп алып, милиция кызматкеринин моюнун тытып алган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй көчөсүндө жайгашкан кафенин ээси кайрылган. Анда ал мас аял чыр салып, кардарларга тынчтык бербей жатканын айткан. Аталган жерге милиция кызматкери барган. Бирок ага мас аял каршылык көрсөтүп, кийимин айрып, моюнун тытып алган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 1985-жылы туулган М.Б. милиция бөлүмүнө алынып келинди.