8-февралдан 9-февралга караган түнү Африканын футбол боюнча биринчилиги жыйынтыкталды. Финалда Кот-д'Ивуар курама командасы пенальтилер сериясында Гана курамасын утуп, чемпион аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, оюндун негизги жана кошумча убакыттары 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталмай болду. Жыйынтыгында Кот-д'Ивуардын футболчуларын ийгилик коштоп, 9:8 эсебинде жеңип чыгышты.
Бул курама өз тарыхында Африканын биринчилигин алгач 1992-жылы утуп алган. Ошондой эле 2 ирет финалда утулган жайы бар. Ал эми өз тарыхында мелдешти 4 ирет багындырган Гана курамасы 5-ирет финалда утулуп жатат.
Кошумчалай кетсек, мелдештин коло медалын Конго Демократиялык Республикасы утуп алган. Чечүүчү беттеште конголуктар үй ээси Экватордук Гвинеянын курамасын жер каратышкан.