Акыркы суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталып, Чоң-Арык айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Чоң-Арык айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, темир менен жабылган, аянты 60 чарчы метр курулуш чарбасынын чатыры, 60 чарчы метр желим жана жыгач шыбы толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Ошондой эле Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылында 10 чарчы метр аянттагы куураган чөп, 1 терек толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан