Ысык-Көлдө балык уулаганга кетип дайынсыз болгон 2 жаранды издөө иштери улантылууда

Ысык-Көлдө өткөн жылдын 28-ноябрында балык уулаганга кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Чоң-Өрүктү айылынын 48 жаштагы Эмил Ашыров жана 47 жаштагы Ишен Алмабеков аттуу тургундары өткөн жылдын 29-ноябрынан бери изделүүдө. Тилекке каршы, издөө иштеринен натыйжа чыга элек. Эске салсак, буга чейин издөө иштери 2-3 жолу аба ырайына байланыштуу токтотулуп, кайра улантылган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан