Ош-Бишкек унаа жолунда 5 унаа жол кырсыгына кабылды

Ош-Бишкек унаа жолунун 632-чакырымында 5 автоунаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Пассат Венто, 2 Матиз, Спринтер жана Дэу Тико үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Дэу Тико үлгүсүндөгү унаанын 55 жаштагы айдоочусу колунан жаракат алып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бактыга жараша, калган айдоочулар жана алардын жүргүнчүлөрү чоң жаракаттарды алышкан жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан