Белгилүү спорттук басылмалар күндүн башкы сүрөтү катары мушкер Дерек Чисоранын таштанды чогултуп жүргөн сүрөтүн талкуулашууда. Бокс боюнча супер оор салмакта чемпиондук кур үчүн бир катар беттештерди өткөрүп келген мушкер сот тарабынан айып төлөөгө жана 60 саат коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилген. Буга мушкердин катышуусундагы чатак себеп болгон. Анда Д.Чисора күч колдонууга аракет жасаганы жана коркутканы айтылган.