Футбол боюнча Аргентинанын 20 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курама командасы Латын Америкасынын биринчилигин утуп алды. Аргентиналыктар медаль тагынып тим болбой, 2016-жылы Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, упай топтоо менен жеңиш ээсин аныктоо системинде ойнолгон мелдеште аргентиналыктар үй ээси Уругвайды акыркы турда 2:1 эсебинде утуп алышты. Муну менен алар карамагындагы упайдын санын 13кө жеткиришти. Бул мелдеште Олимпиадага бир жолдомо ойнотулган. Аргентинадан тышкары аталган мелдешке катышуу укугуна азырынча Бразилия курамасы гана ээ. Алар мелдешке катышуу укугун үй ээси катары биринчи болуп алышкан.
Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстан жаштар курамасы да кармаш өткөрөт. Тактап айтканда, кыргызстандыктар март айында 23 жашка чейинки футболчулар арасында өтүүчү Азия чемпиондугуна катышышат. Анда Кыргызстан жаштар курамасы В тайпасында Пакистан, Иордания, Кувейт жана Түркмөнстан курамалары менен жайгашкан. Жолдомо алуу үчүн мелдеште 1-орунду камсыздоо керек.