Москвада кыргыздардын атышуусунан бир адам каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилди

Москвада кыргыз мигранттары бири-бири менен атышып, бир адам каза тапты. Дагы үчөө оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 9-февралда жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жаңжал калаанын түндүк-чыгышындагы кафелердин биринин жанында орун алган, окуя толугу менен көчөгө орнотулган видеобайкоого тартылып калган. Кийин полиция кызматкерлери келип, окуя болгон жерди тинтүүгө алып, ал жерден тапанчанын огу табылып, экспертизага жиберилген. Окуяга ал жердеги жашоочулар да күбө болушкан. 

Ошондой эле мушташка катышкандардын бири кармалып, ал полицияга мушташтын себебин жана ага кимдер катышкандыгын айтып бергени маалымдалды.    

Москвада кыргыздар бири-бири менен атышышып, бир адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
beast
2015-02-09 17:21:43
ала тоо кафесинде болду окшойт
+3
zarbaliktik
2015-02-09 17:36:02
Сабатсыздык, тарбия начар, ан сезими томон, карангылык. Ата эне туура тушундуруп жонотуу керек. Кыргыздарга корондоп, башка улуттар мн эсептешип кетсе очуп калышат. Бизчелик эч бир улут бири бирин жэмэлэбейт.
+2
sumaya
2015-02-10 18:33:32
zarbaliktik, 100% кошулам
0
kgmiko
2015-02-09 18:20:01
Себебин билип анан баа берип сын таксанар балким арзыбаган нерсеге урушкандыр не болсода кыргыздар деп атыбыз чыкканы уят да Аман эсен болгула Улуу Манастын урпактары аллахым колдосун баарынды!
0
bakyt_2015
2015-02-09 18:42:48
Кыргыз негизи ушундай калкпыз, чонтокко кичине акча тушсо кутурабыз, жок болсо президентибиз ит деп пикетке чыгабыз. Айтор жургон жертбиз бут ызы чуу. Кытайдай 1,5 миллиард болгондо ааламдын ашмалтайын чыгармак окшойбуз
+9
KIPCHAK-KALMAK
2015-02-09 19:49:51
Каттуу бийлик керек кыргыздардын башын бириктирген хан сыяктуу парламентин бизге такыр кереги жок озу алакандай эле элбиз
+2
Bekzamann
2015-02-09 20:00:31
Чындыкты айтыш керек бизде ынтымак жок баары катыйт ынтымакта бололучу..
+2
kama_future_millioner
2015-02-09 20:19:00
Кыргыз кыргызга асылып эмне табасыңар андан көрө башка мн мушташ өз жердешиңе асылбай уят
+1
Akabai
2015-02-09 21:02:13
Красавчиктер!
-1
Dinki
2015-02-09 23:00:16
Байкал готиницасында болгонбу?ал жердеги ресторан ото кымбат алар кыргыздын бандиттери окшойт бирин олуп бирин кал манкурттар
-1
make-88
2015-02-10 00:04:09
ХХХ ушул черный болумуштар куйгузду.Талпа-талпа болуп эле мушташканы мушташкан.Анан чыдабаганы оружия алып чыга келет.Эркексинби муштум менен мушташып проблеманы эркекче чечип ал. ХХХ Кармап туромого тыгып салса экен ушуларды.
+2
admin_portal
2015-02-10 09:34:54
make-88 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
-1
AiNuR_777
2015-02-10 02:25:25
Ушуга окшогон айбандардын айынан баардык кыргыздарга соз тийип атат Киргизии деп.
0
nurzada78
2015-02-10 05:22:00
Тушунбодум,чёрный деп, кыргыздар озунорду айтып жатасынарбы
+1
uulay
2015-02-10 08:27:26
Талаа-туздо да жон журбойт экенбиз го...Ата-эне туну уктабай сар-санаа болуп отурат.А биздин кылганыбыз бул.Бири олуп,калганы камакта.кафеге балээ барбы анан черный списоктомун,УфМС жон койсунбу анан азаматтар мушташа бергиле деп?Ойлонолу Кыргызым уйдо кутуп,сагынгандарды ойлонолу!
0
EdikoKG
2015-02-10 10:15:30
Таджик менен озбектердин чырагына май тамызыпсынар,ынтымаксыз кыргыз аталып. Баарын катуу жазаласын.
+1
nelli
2015-02-10 10:37:52
Ой онбогурлар эми ошо жакта да кырылышып олгуло
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан