Өткөн аптада 3-7-февраль күндөрү Талас облусунун аймагында “Арсенал” рейди жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, рейддин жүрүшүндө жалпы 264 даана ар кандай калибрдеги ок-дары, 1 даана күйүп калган абалдагы ПМ үлгүсүндөгү тапанча, 1 даана атайын каражат болуп эсептелген бронежилет, 1 даана катуу үн чыгаруучу граната жарандар тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында тапшырылды.
Ал эми 2 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, 1 даана 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана сот тарабынан берилген турак жайга тинтүүгө уруксат берилген токтомдун негизинде тинтүү учурунда табылган.