Кара-Көлдө балык уулаганга кетип дайынсыз жоголгондордун биринин денеси табылды

Кара-Көлдө балык уулаганга кетип дайынсыз жоголгондордун биринин денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында сууга чөккөн 23 жаштагы Нурбек Бекташовдун жансыз денеси саат 14:30 чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Учурда дайынсыз жоголгондордун экинчиси Нуркалый Юсупбековду издөө иштери улантылууда.

Эске салсак, 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 395-чакырымында Нарын дарыясына 3 адам кайык менен балык уулаганы чыккан. Кайык оодарылып, 2 адам чөгүп кеткен, 1 адам тирүү калган. Издөө иштерине 4 куткаруучу жана балдардын туугандары тартылган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
murat88
2015-02-09 17:15:52
Жайы жаннатан болсун
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-02-09 19:38:52
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан