Борбор калаада зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы С.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 6-февраль күнү күндүзгү саат 11:00 чамасында
Майрамбек аттуу чала таанышы күч колдонуу менен аны унаасынын ичинен зордуктап койгонун айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы
У.М. аттуу Кочкор районунун тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.