Сокулукта 3 миң сом карызын төлөй албай калган 27 жаштагы тургун өз жанын кыйды

Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын Жакшылык аттуу тургуну 3 миң сом карызын төлөй албай калып, мунун айынан өз өмүрүнө кол салган. 27 жаштагы тургундун артында 1 кызы жана 1 уулу калганын SUPER.KG порталына өздүк булактарыбыз билдиришти.

Берилген маалыматка таянсак, маркум кечээ, 8-февралда өз жанын кыйган. "Мындан 1,5 ай мурун Жакшылык бир таанышынан карызга 3 миң сом алыптыр. Кийин ошол сумманы көтөрүп алып барса, карызга берген киши аласасы 20 миң сомго жеткенин айтат. Андан кийин Жакшылык талаада кой кайтарып жүрсө, карыз берген тургун 1 кой алып кетиптир. 1 койдун дайыны чыкпай калгандыктан, ата-энеси уулунан сурашкан. Ал чындыкты айтпай, "жоголуп кетти" деген жоопту берет. Өзү өлгөн күнү анын чөнтөгүнөн кимден карыз алганы, койдун кайда жоголгону жана канча сом карыздан кутулуу керектиги жазылган кагаз табылган",- дейт өздүк булак.

"Кыргызчылыкка салып, коомдо мындай окуялардын жашырылып жатканы өкүндүрөт. Маркумдун таякеси милицияга арыз жазылбаганын айтты. Ошондой эле айылдын молдосу "өз жанын кыйган адамга жаназа окубайм" деп келбей коюп, башка айылдын молдосун алып келишкен экен",- деп кошумчалайт өздүк булак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
BRILIANTTKA
2015-02-09 21:16:48
3 миң сом,бир жарым айдын ичинде 20 миң болсо, карыз берген адам процентин потолокко тепкен окшойт. Адамдарда ынсап жоголуп барат го. Карыз берген адам да кичине ыйман болгондо мындай болбойт эле.
+2
sultan89
2015-02-09 21:29:37
кайдагы кагаз учун,жаныбызда арзан болуп калды,окунучтуу жаткан жери жайлуу болсун Амин
0
Aidar.001
2015-02-09 21:37:46
оозуна 2 колун эмес озу кирип алган адамдын кесиринен 2 бала жетим калыптыр да!!!,жараткан куноолорун кечирсин эми байкуштун....
0
kubaychbek
2015-02-09 22:04:57
3000 сом карыз берген адам эми 2 баласын омур бою баксын
0
Nur45
2015-02-09 23:25:50
Ушуну парламентегилер окуса экен. Кыргызстандын карызы баардыгыбыздын мойнубузда. Бирок ошону туура иштетиби аны эми коро жатарбыз. Кийин окунот бирок.
0
rozka
2015-02-09 23:29:46
Ошол 3000 сому онгонуно суйунуп алып койо бербептир проценти дебей бети жок)))
0
Akmosha
2015-02-09 23:38:23
Алсыздык,арсыздык болуптур.Артындагы балдарынын келечегин ойлосо болмок экен,олгондун озунун шору болуп кала берет да Эми,жаткан жери жайлуу болсун байкуш.
0
AJow
2015-02-10 00:09:42
Менин бир таанышымдын мойнунда 10 000$ ашык карызы бар экен .(озунун айтуусу боюнча) болбосо озу 20 дагы жапжаш бала...журот ал жыргап эле..эээх тиги маркум оз жанын кыйбай эле койсо болмок.Шайтан азгырдыда
0
mugalim_bala
2015-02-10 00:52:14
Тобо 3000 минге 20000 миң кошуп салыпбы уяты жок
+1
ALIK-BRO
2015-02-10 01:18:02
Жалко иштебейби деген адам кантип иштейт. Башына шундай сыно келгенде билесин. Тагдыр ушундай кичине нерсе менен еле сындырып коёт. Кантип чыдаганды айласын табышты билбей каласын.
0
Maxx
2015-02-10 02:55:06
Мындай адамдар психологиялык жактан туруктуу эмес.Жаткар жери жайлуу болсун демекчибиз.
-1
nurzada78
2015-02-10 05:10:22
Мына ушундай бети жок,"суткор"адамдардан кудай озун сакта!
0
argen.kg4
2015-02-10 06:03:02
суткорлук жаман куноо оз жанын кыйуу жа жаман куноо.Астагфирулох.
0
chalkan
2015-02-10 08:03:55
Деги эле процент, кредиттен кыргыз элим качан кутулат болду экен.
0
alai81
2015-02-10 13:34:23
Жаназа неге окубайт ушу чала молдолор кууратты.
0
sumaya
2015-02-10 18:28:32
alai81, Исламда айтылат оз жанын кыйган адамга жаназа буйрубайт.Молдолорго асылбаныз, ислаиды жакшы таанып анан асылыныз! Катуу айтсам кечириниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан