Абдан сонун ойлор айтылган. Улутка жан-оту менен күйүп-жануу, берилүү, иликтөө ушундай болуусу керек! Сүйлөгөн адамга да, тарткан адамга да, бул жерге жуктөгөн адамга да ыраазычылык! Бул берүүнү жайылтуу зарыл!!!Улуттун улуулугун урпактарга жеткирүүгө жасалган зор аракеттин акыбети акыры кайта турган убак жетти. Бир кезекте бул уламышка арданып ыйлаган Белек Солтоноев атабыздын арманы аткарылат экен буйруса! Биз анын кызы Нурия апа менен кошунабыз, бул тууралуу айткан сайын ыйлаган Апаны кантип сооротуунун, көңүлүн көтөрүүнүн айласын издечүмүн... МАКЕЛЕК АКЕ көп жашаңыз!
Элдик видеону эркин жүктөөнү камсыздаган СУПЕРЧИЛЕРГЕ да ырахмат! Ушундай маңыздуу, элге керектүү темалар камтылган видеолор көп болсо, ошолорду ылдам жайылтуу жолго коюлса абдан жакшы болмок.
Бул видеонун башталышы да сонун тартылыптыр, "Кыргыз" сөзү кыянаттыкты көтөрбөйт" деп ыйлап турган терезени карай баскан автор аалам көшөгөсүн ачып, кыргызды таанытып турганы - АЙТМАТОВ ЧЫҢГЫЗ атабызды эске салды...
0
Nurluujan16
2015-05-07 02:22:01
Рахмат сонун интервью экен!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.